Радио

Марсбек уулу: жазгы, күзгү сугарууну эми талап кылабыз

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу эми дыйкандарга айдоо аянтын эрте жазда жана кеч күздө сугаруу милдети артыларын айтты.
Sputnik

Түшүмдүүлүктү арттырып, кургакчылык болуп калса суу тартыштыгына кептелбеш үчүн эрте жаздагы сугат иштери абдан маанилүү. Бул тууралуу Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Марсбек уулу: жазгы, күзгү сугарууну эми талап кылабыз

Анын айтымында, кийинки жылдан баштап министрлик сугат иштерин көзөмөлгө алат.

"Жерди айдаганга чейин эрте жазда бир жолу сугарып коюу керек. Бул ошол аянттын нымдуулугун сактап, себилген үрөндүн жакшы өнүп чыгышына шарт түзөт. Эрте жазда суу да кенен болот. Мындай сугарылган жер суу тартыштыгы жаралса да катып, кургап кетпейт. Ошондой эле түшүмдү жыйнап алган соң кеч күздө да айдоо аянтын бир сыйра тазалап, абдан кандырып сугарып коюу шарт. Ал эми бизде дыйкандар көбүнесе түшүмүн жыйнап алган соң жерди карабай таштап салышат. Биз буга чейин эрте жазда жана кеч күздө сугарууну жөн гана кеңеш катары айтып келсек, эми милдеттүү түрдө киргизип, талап кылабыз. Керек болсо жер-жерлерде аталган убакта сугарбай койгон фермерлердин тизмеси түзүлүп, ошого жараша иш жүрөт", — деди Марсбек уулу.

Ал министрлик дыйкандарды маалыматтык, консультативдик жактан колдоого ар дайым даяр экенин кошумчалады.