Жапаров Көлгө сапарын Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл коюу менен баштады

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарын мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт

Жапаров Көлгө сапарын Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл коюу менен баштады

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.

Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын иш сапары бүгүн аяктайт.