ЖККУ өлкө президенттери апта башында Афганистандагы абалды талкуулашат

Афганистандагы кырдаал акыркы аптада курчуп кетти. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери ыкчам чабуулга өтүп, аз убакыттын ичинде өлкөнү дээрлик каратып алды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңеши 23-август күнү видеоконференция форматында кезексиз жыйынга чогулуп, Афганистандагы абалды талкуулайт. Бул тууралуу ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди.

Кыргызстанга Афганистандан качкындар келдиби? Расмий жооп
Анын айтымында, иш-чарага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төрагалык кылат.

Афганистандагы кырдаал акыркы аптада курчуп кетти. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери ыкчам чабуулга өтүп, аз убакыттын ичинде өлкөнү дээрлик каратып алды. Президенти Ашраф Гани "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" деп өлкөдөн чыгып кеткен. 16-августка караган түнү талибандардын саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салып, жакын арада башкаруу формасы аныкталарын айткан.