Президент Абдрахманов, Тыныстанов, Карасаевге арналган иш-чарага катышты. Сүрөт

Өлкө башчы иш-чарага катышкандан сырткары Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун жаңы ачылган эстеликтерине барып гүл койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп, анын алкагында театрлаштырылган сахна уюштурулган.

"Мамлекет башчы кыргыз эли эгемендикке ээ болгонго чейинки жолдо карт тарыхтын нечендеген калабалуу күндөрүн башынан кечирип, эчендеген доорлордун, мезгилдердин бороон-чапкынына, сынагына туруштук берип, өзүнүн элдүүлүгүн, биримдигин сактап, бүгүнкү биз жашап жаткан күнгө өз алдынча мамлекет катары эсен-аман келип жеткенин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров Көлгө сапарын Жусуп Абдрахмановдун эстелигине гүл коюу менен баштады
Президент көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын айткан.

Ошондой эле Абдрахмановдун күндөлүгүнүн толук версиясы учурда президенттин администрациясынын жетекчилигинде жакынкы аралыкта басылууга даярдалып жатканын белгилеген. Ошондой эле эстелигине барып гүл койгон.

Мындан сырткары, Жапаров Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун жаңы орнотулган эстеликтерине гүл койгон. Андан кийин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.