Жалал-Абадда "Ноокен — мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт

Иш-чара үч бөлүктөн турат. Учурда Иран, Россия, Түркия, Татарстан, Казакстан жана Өзбекстан катыша турганын тастыктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абадда "Ноокен — мистенин мекени" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Парад, айтыш, кино. Эгемендүүлүк майрамында өтчү иш-чаралардын тизмеси
Иш-чара Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 28-августта болот. Ал жарманке, бизнес жана илимий форум, белгилүү өнөр адамдарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Учурда Иран, Россия, Түркия, Татарстан, Казакстан жана Өзбекстан катыша турганын тастыктады. Башка мамлекеттер онлайн катышышы ыктымалдыгы айтылат.

Уюштуруучулар илимий форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алууну ниет кылып жатканын билдирди.

Иш-чаранын демилгечиси жана башкы уюштуруучусу — Ноокен райондук мамлекеттик администрация.