COVID жуктурган 5 бейтап көз жумуп, 248 адам ооруп калды. Акыркы маалымат

Ушул тапта республикадагы ооруканаларда 1 451 адам жатат. Ал эми амбулатордук түрдө 2 467 бейтап жардам алууда. Бир сутка ичинде 492 киши сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 248 адамдан аныкталганын Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 121;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй — 51;
  • Ош — 6;
  • Талас — 6;
  • Нарын — 9;
  • Ысык-Көл — 25;
  • Жалал-Абад — 13;
  • Баткен — 16.

Кантта эркек киши эмдөөдөн кийин көз жумганы айтылып, сөөктү ачып көрүштү
Пандемиядан бери жалпы 173 676 адамдан коронавирус тастыкталды.

Бир сутка ичинде 492 бейтап сакайды, ал эми жалпы 165 860 киши ооруну жеңди.

Тилекке каршы, беш адам вирусту жеңе албай калды. Оору баш-аягы 2 478 адамдын өмүрүн алды.

Стационарда 1 451, амбулатордук түрдө 2 467 адам дарыланууда.