Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым

17 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды. Мелдештер 13-14-август күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн.
Sputnik

Кыргызстандык балбан килемге 63 килограмм салмак категориясында чыгып өлкө намысын коргогон. Ал биринчи күнү Gi (кимонодо) дисциплинасында кармашып чемпиондукту багындырган. Эртеси No Gi (кимоносуз) дисциплинасында күч сынашып экинчи алтын медалын тагынды.

Бул Нурсултандын алгачкы жеңиши эмес. 2019-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын баш байге ээси, ошол эле жылы Дүйнө чемпионатында (Москва) күмүш медаль алган эле.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Нурсултандын жеңиши, даярдыктары жана максаты тууралуу маек курду. 

Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым

— Нурсултан, чемпион болушуңуз менен куттуктайбыз! Азыр деле сүйүнүү толкунунан чыга албай жүрсөңүз керек.

— Финалга чейинки беттештерде жеңсем да көп сүйүнгөн жокмун. Себеби бошобой аягына чейин күрөшүп, утушум керек болчу. Анан финалды утканда айтпаңыз, эмоцияларымды кармай албай, сүйүнүчтөн көз жашымды да токтото алган жокмун.

— Грэпплингге кантип аралашып калдыңыз эле, келип кайра кетип калгандар болот эмеспи, сизди эмне кармап калды?

— Грэпплингге келишиме Самарбек агайым себеп болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон кызыгуум арта баштаган. Агайдын артынан ээрчип жүрүп аралашып калдым. Башка спорттун түрүнө караганда бул жакта ар кандай ыкмалар менен күрөшсөң болот, мага ошонусу жаккан.

— Балалыгыңыз боюнча да бир аз сөз кылалы. Кичинекейиңизден эле балдар менен күрөшөсүзбү?

— Мен Алай районунун Корул айылынан болом. Балалыгым ошол жакта өттү. Байкелерим күрөшчү, аларды көрүп чоңойдум. Ошондо эле күрөшкө аябай кызыгып калгам. Профессионалдуу болбосо да күрөшүп турчумун. Андан тышкары, футбол ойноп, ырдай койчу талантым да бар. Мектепте ар кандай кечелерде ырдап коём. 

Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым

— Чемпионду тарбиялаган ата-эне эмне менен алектенет?

Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек
— Күрөшкөнүмдү түз эфирден көрүп колдоп, ыйлап да отурушуптур. Менин жеңишим ата-энемдин да жеңиши. Алар карапайым эле адамдар. Атам уста, апам болсо үй кожойкеси. Беш баланы чоңойтуп өстүрүштү. Мен алардын ортончусумун. Бир туугандарымдын арасынан мен эле спортко аралашкам. 2007-жылы Алайдан Кара-Балтага көчүп келгенбиз. Мектепти ал жактан окуп, кийин машыгуума байланыштуу мектебимди Сокулукка котордум. Быйыл 11-класс болом.

— Келечекте грэпплинг менен эле кетсем деп ойлойсузбу же башка кесиптин ээси болгуңуз келеби?

— Сабактарымды калтырбай, аракет кылып окуп жатам. Келечекте билим алып, архитектор адистигине тапшырып, мыкты үй куруучу болгум келет. Мен үчүн биринчи орунда окуу, андан кийин спорт. Бирок спортту эч качан таштабайм. Бул тармакта чоң максаттарым бар. Азия оюндарын жеңип, анан, буюрса, жиу-житсу олимпиадага кирсе андан да ийгиликтерди жараткым келет.