Бишкекте Porsche айдап бараткан 31 жаштагы киши бордюрду сүзүп көз жумду. Сүрөт

Окуя кечээ кечинде борбордогу Масалиев көчөсүндө болгон. Милиция айдоочу рулду башкара албай калганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкекте Porsche Boxster автоунаасынын 31 жаштагы айдоочусу жол жээгиндеги бордюр менен мамычаны сүзүп көз жумду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. 

Бишкекте Porsche айдап бараткан 31 жаштагы киши бордюрду сүзүп көз жумду. Сүрөт

Каргаша кечээ, 20-август күнү, болжол менен саат 18:30дар чамасында болгон.

"1990-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу Масалиев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып рулду башкара албай жол жээгиндеги бордюрду, андан кийин мамычаны сүзүп токтогон. Ал окуя болгон жерде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.