АКШда мээлейсиз муштум менен таймашкан беттеш оор нокаут менен аяктады. Видео

Мелдеште америкалык мушкерлер Диллон Клеклер менен Жастин Торнтондун таймашы эсте каларлык болгон. Беттеш 19-секундада оор нокаут менен аяктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кечээ АКШнын Миссисипи штатында өткөн Bare Knuckle уюмунун мээлейсиз муштум менен таймашуу мелдешиндеги беттеш оор нокаут менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазып, кызыктуу учурдун видеосун чыгарды.

Анда америкалык мушкерлер Диллон Клеклер менен Жастин Торнтондун таймашы эсте каларлык болгон. Ал беттештин 19-секундасында айбат менен чабуул жасаган атаандашына каршы аракет жасап жатып, кубаттуу сокку менен аны жыга чапкан.

Ээк тушка сокку жеген Торнтон жерге сулк кулаган. Калыс дароо беттешти токтотуп, Клеклерди жеңүүчү деп жарыялаган. Ал эми нокаутка кеткен атлетке медициналык жардам көрсөтүлгөн.