Талибдер БУУну Афганистанда калып жардам көрсөтүүсүн улантууну өтүндү

БУУнун Афганистандагы гуманитардык кеңсеси менен "Талибан"* 18 жылдан бери иштешип, жардам алып келишет. Алар мындан ары кызматташтыкты уланта берүүнү суранышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Талибдер Бириккен Улуттар Уюмуна колдоо көрсөтөрүн айтып, өлкөдө калып гуманитардык жардам көрсөтүүнү уланта берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу РИА Новостиге телефон аркылуу БУУнун Афганистандагы өкүлү Рамиз Алакбаров билдирген.

Анын айтымында, БУУнун Афганистандагы гуманитардык кеңсеси менен "Талибан"* 18 жылдан бери кызматташып, жардам алып келет.

"Бул убакыт аралыгында иш тартиби турукташып калган. Алар бизди дайыма колдой турганын айтып келишет. Азыр мындан ары да өлкөдө калып гуманитардык жардам көрсөтүүнү суранышты", — деген Алакбаров.

Ал акыркы окуяларга байланыштуу талибандар менен кандайдыр бир жаңы келишимдер түзүлбөгөнүн айтып, бирок кызматташууда уюм тарабынан "тактоолор" болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Афганистандагы кырдаал

"Талибан"* кооптуулук туудурса, Россия четте карап турбайт. Маек
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.