Өмүрдү кыскарта турган суусундуктар тизмектелди

Изилдөө көрсөткөндөй, таттуу суусундукту көп колдонгон аялдар ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Сан-Диегодогу Калифорния университетинин окумуштуулары таттуу суусундуктарды тынбай ичүү менен эрте өлүмдүн ортосундагы байланышты түшүндүрдү. Изилдөөнүн жыйынтыгы медициналык PubMed порталына жайгаштырылганын РИА Новости жазды.

Аялдарды эрте өлүмгө кептеген белгилер аталды
Билдирмеге караганда, илимпоздор 20 жылдын аралыгында 100 миңге чукул аялдын (53 жаштагы) тамактануу рационун карап чыгышкан. Анда катышуучулар кайсы алкоголсуз суусундукту көп ичерин айтышкан.

Изилдөөнүн соңунда аялдардын ден соолугуна курамында кумшекери көп суусундуктар терс таасирин тийгизери аныкталган. Аларды көп колдонгондордун эрте көз жумуу тобокелчилиги жогорураак экени айтылды.

"Байкоо жүргүзүү башталгандан 20 жыл өткөн соң 14 143 катышуучу жүрөк-кан тамыр же онкологиялык оорудан көз жумган. Алар жумасына таттуу суусундуктун жетиден көп түрүн ичкенди адатка айлантып алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму семирүү, диабеттин өтүшүп кеткен учурларын азайтуу үчүн мамлекеттерге таттуу суусундуктарга 20 пайыздык салык киргизүүнү сунуштаган.