Мишустин: ЕАЭБ менен кызматташууга эл аралык коомчулуктун кызыгуусу артууда

Россиянын өкмөт башчысы Сербия менен соода макулдашуусу күчүнө киргенин, Египет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Кытай менен өз ара иштешүү күчүндө турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. ЕАЭБ менен кызматташууга эл аралык коомчулуктун кызыгуусу артууда. Бул туурасында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

"Июль айында Сербия менен соода макулдашуусу күчүнө кирди. Египет менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, Кытай менен өз ара иштешүү күчүндө турат. Мунун баары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туруктуу жана динамикалык өнүгүүсүн шарттайт. Эл аралык уюмдар биздин биримдик менен кызматташып соода-экономикасын кеңейтүүгө кызыкдар", — деди Мишустин.

ЕАЭБ: соода жаатында бир катар тоскоолдуктарды жоюу пландалууда
Мындан сырткары, ал интеграциянын ишин илгерилетүү үчүн бирдиктүү санарип мейкиндигин түзүүгө чакырды.

"Июль айынын башында алгачкы биргелешкен долбоор, "Чек арасыз жумуш" издөө системасы ишке кирди. Бул сервисти колдонуп ЕАЭБдин аймагынан керектүү вакансияны же персоналды табуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү", — деди Мишустин.

Ошондой эле ал заманбап чечимдер бардык тармактар үчүн (мында эмгек рыногуна) жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына бир мисал болгонун кошумчалады.