Танканы чаң ызгыта айдап, ок чыгарган кыргызстандык аскерлер. Россиядагы видео

Кыргызстандык жоокерлер "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешинин алдында Россияда Т-72 Б3 танкасы менен машыгуу өткөрүштү.
Sputnik

Видеону Кыргызстандын Коргоо министрлигинин социалдык тармактагы баракчасы чыгарды.

Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону" эл аралык мелдешине даярданууда. Сүрөт
Буга чейин чемпионатка катыша турчу командалар чүчү кулак кармап, 19 өлкөнүн тайпасы эки дивизионго бөлүнгөн. Кыргызстандын командасы Лаос, Мали жана Мьянма өлкөлөрүнүн катышуучулары менен биргеликте экинчи дивизиондун курамында жана сары түстөгү танк менен чыгышары айтылат. Өлкөнүн биринчи экипажы 22-августта жарышка чыгат.

"Танк биатлону" — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алган.

Мелдеш быйыл 22-августтан 4-сентябрга чейин өтөт.