Экономика, эриш-аркак жыл, орус тили. Марипов менен Мишустиндин жолугушуусу

Премьер-министрлер Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун алкагында кезигип, бир катар маселелерди ортого салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын өкмөт башчылары Улукбек Марипов менен Михаил Мишустин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, премьер-министрлер эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты. Анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр жай тармагындагы Кыргыз-Россия соода-экономикалык алакасын өнүктүрүү талкууланды.

Марипов менен Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

"Биз эки тараптуу товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатууга аракет кылабыз. Ал жылдын январь-июнь айларында 1 миллиард 5,5 миллион долларды түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5 пайызга көбөйгөн", — деген Марипов.

ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын бирдиктүү рыногун түзүүгө макулдашты
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагындагы биргелешкен соода-экономикалык иш-аракеттер өлкөгө Россиядан инвестициялардын көбөйүшүнө алып келет деген ишенимин билдирген.

Өз кезегинде Мишустин Россия тарап эки өлкөнүн мамилесинин өнүгүүсүнө кызыкдар экенин жана коронавируска байланышуу чектөөлөргө карабастан эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чаралар уюштурулганын айткан.

Ошондой эле ал Кыргызстанда орус тилинин расмий статусунун маанисине токтолгон. Анын пикиринде, бул улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдайт.