Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга бүгүн келди. Сүрөт

Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ысык-Көлдөгү жыйынына байкоочу катары катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ысык-Көлдөгү жыйынына байкоочу катары катышат.

Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Кечээ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери тар чөйрөдө жолукса, бүгүн, 20-августта, өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.