"Ислам мамлекетинин" башчылары жөнөткөн. УКМК 27 жаштагы кишини кармады

Кармалган жаран 2016-жылы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы чыр-чатактар зонасына кеткени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкөгө бир катар террористтик уюмдарды үгүттөө үчүн жалданып келген деген шек менен 27 жаштагы кыргызстандык кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал С.Ж. аттуу Баткен облусунун тургуну болгон. 

"Ислам мамлекетинин" башчылары жөнөткөн. УКМК 27 жаштагы кишини кармады

Атайын кызмат билдиргендей, кармалган жаран 2016-жылы "Ислам мамлекети"* эл аралык террористтик уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы чыр-чатактар аймагына кеткен.

"С.Ж. террордук топтун катарына адамдарды тартуу жана андан ары Сирия менен Афганистанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келген", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда УКМК аны менен болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда.

"Ислам мамлекети"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде террористтик уюм катары тыюу салынган уюм болуп саналат.