Эмен таарычылынын жумурткасы менен азыктанган башка пайдалуу курт-кумурскаларды колдонуу аркылуу эмен дарактарындагы зыянкеч курттарды жоготсо болот. Мындай пикирин Таир Эсенали уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пайдалуу курт-кумурскаларды аныктоо, аларды көбөйтүү жана колдонууга багытталган иш-чаралар азыркы учурда жасалган жок.
"Эмен таарычылы менен күрөшүүдөн натыйжа чыкпай жатканынын негизги себеби — туруктуу илимий изилдөөлөрдүн жоктугу. Мен 2013-жылдан тарта эмен таарычылын изилдеп, аны менен иштеп келем. Ага чейин өлкөдөгү окумуштуулар, тиешелүү адистер эмен бактарына зыян келтирип жаткан курт-кумурскаларга каршы күрөшүп, көп каражат да жумшалган. Туура эмес учурда туура эмес дарыларды колдонуп, комплекстүү иш-чара катары гана каралган. 2013-жылдан кийин Бишкек мэриясы да бөлүнгөн финансынын оң таасири болбогондуктан каржылоону токтоткон. 2018-жылга чейин зыянкеч курттарга каршы аракеттер болгон эмес. Ал эми 2019-жылы кыргыз окумуштуулары Россияда өндүрүлгөн затты эмен таарычылына каршы инъекция ыкмасында колдонуп көрүшкөн. Анын жыйынтыгын бүгүнкүгө чейин байкай алган жокмун. Бирок ал эффективдүү ыкма болгону менен кымбаттыгына байланыштуу токтоп калды. Эмен таарычылы менен күрөшүүнүн эң майнаптуу жана туруктуу ыкмасы биологиялык коргоо болуп саналат", — деди Эсенали уулу.
Ошондой эле адис эмен таарычылы боюнча илимий жактан толук изилденбегенине байланыштуу туура чечим чыгаруу кыйын болуп жаткандыгын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, эмен таарычылы (илимий аталышы — Profenusa pygmaea) — эмен уруусуна кирген түрлөрдүн арасынан сабактуу эмен тобундагы дарактарды жабыркатат. Эмен таарычылы кышкысын жетилбеген куурчакча абалында топурактын 5-10 сантиметр тереңинде кыштайт. Жазында абанын температурасына жараша апрель айынын 15инен тарта имаголору учуп чыгат.