БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чолпон-Атадагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында санариптик трансформация маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Sputnik агенттигинин видео көпүрөсүндө ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топ түзүүнүн негизги максаты — союздагы маалыматтардын айлануусу жөнүндөгү келишимди иштеп чыгуу.
Жумушчу топту ЕЭКтин Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык коммуникациялык технология боюнча министри Гегам Варданян жетектемей болду. Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык секторлорун санариптик трансформациялоо боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери жана орун басарлары кирет.
Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун алдына бирикмеге кирген өлкөлөрдүн кызыкдар органдарынын жана бизнес-уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ түзүү каралууда. Жумушчу топтун талкуусуна коюлган биринчи маселе ЕАЭБдин чегинде маалымат жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө келишимдин долбоору болмокчу.