Чүйдө бетонду сүзгөн автоунаанын таш-талканы чыгып, үч адам каза болду

Чүйдүн Ивановка айылында болгон жол кырсыгында үч адам каза болду. Бирөө жаш бала. Жабыркагандар Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Ивановка айылы) болгон жол кырсыктан үч адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн. 

Чүйдө бетонду сүзгөн автоунаанын таш-талканы чыгып, үч адам каза болду

Кырсыктын кесепетинен үч адам (бир эркек, бир аял, бир бала — ӨКМ) жеринде каза болуп, дагы үчөө (эки аял, бир эркек — ӨКМ) жабыркаган. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын ким экени такталууда.

Жерине Токмок шаардык № 21 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп берген. Ал эми каза болгондорду куткаруучулар келгенге чейин Тез жардам кызматы алып кеткен.