Баланы жети жашында 1-класска берүү эң оптималдуу вариант. Себеби мындан эрте куракта анын мээси жана нерв системасы толук калыптанбай, окууга даяр эмес болот. Бул тууралуу Нурзат Кубанычбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-эне кайсы куракта болбосун баланы "элдин балдарына" салыштыруусу ага терс таасир этет.
"Эне баласынын өз курагына жараша жетилүүсүнө көңүл бөлүп турушу маанилүү. Мектепке бара турган бала жакшы сүйлөп, ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болушу керек. Бала бул жагынан начар өрчүсө тиешелүү дарыгерлерге кайрылган оң. Негизи баланы үч жаштан баштап социалдаштыруу абзел. Андыктан аны үйдө эле кармап отура бербестен бала бакчага жөнөткөн жакшы. Ал жерден башка балдар менен мамиле куруп, тил табышканды, сүйлөгөндү, кийин окуп, жазганды, ошону менен бирге жоопкерчиликти үйрөнөт. Бакчага барбаган бала мектепке көнүп кете албай, башкалардан артта калып, кыйналып калышы мүмкүн. Андан тышкары, баланын башка курдаштары менен түзгөн мамилесине, сүйлөшүүсүнө чоңдор кийлигишпегени дурус. "Сен бул бала менен сүйлөш, тиги жаман, ал менен достошпо!" деген туура эмес. Бир аз чоңоюп убактысы келгенде жаман-жакшыны айырмалаганды айтып үйрөтө турган учур келет. Дагы бир маселе, биринчи окуу жылдарында баланы кыйнап тапшырмаларды аткартып, өтө эле окуусуна олуттуу карабаңыздар. Ошону менен бирге тапшырмаларды бала үчүн аткарган жакшы эмес. Биринчиден, буга көнүп алат, экинчиден эч нерсе үйрөнбөгөндүктөн чоңураак класстарда кыйналат. Эң жакшысы, сабакты балага түшүндүрүп чогуу аткаруу зарыл", — деди Кубанычбек кызы.
Адис балага ар тараптуу колдоо көрсөтүп туруу аны ого бетер шыктандырарын кошумчалады.