Аллигатор кол салган зоопарктын кызматкерин көрүүчү куткарып алды. Видео

АКШда зоопаркка кирген көрүүчү аллигатордун кол салуусуна кабылган үйрөтүүчү кызды куткарды. Жырткыч тамак берип жаткан учурда аны колунан тиштеп, сууга тартып кеткен. Окуя зоопаркка кирген балдардын көзүнчө болгон.
Sputnik

LADbible басылмасы жазгандай, окуя АКШнын Юта штатында суудагы жаныбарлар борборунда окуучу баланын туулган күнүн майрамдоо учурунда катталган. Коркунучтуу көрүнүштүн видеосун күбөлөрдүн бири интернетке жарыялаган.

Зоолимпиада. Африкадагы "спортчу" айбанаттардын күрөшүп, жарышкан видеосу
Кадрда көрүнүп тургандай, аллигатор борбордун кызматкери жем берип жаткан учурда аны тиштеп алган. Жабыркаган кыз өзүн жоготпостон, жырткычтан кутулууга аракет жасаган. Бул учурда зоопаркка келген көрүүчү сууга түшө калып жардам берген. Ал киши жырткычты бир аз убакытка чейин кыймылдатпай басып жатып, аллигатор бошоткон соң кызды сыртка чыгарып кеткен.

Жабыркаган кыз медициналык кароого жиберилип, дарыгерлер жардам көрсөтүшкөн. Ал эми жардамга келген кишиге зоопарктын жетекчилиги алкыш айткан.