Кичине болсо да күчтүү! Айгүл Жапарова ракка кабылган балдар тууралуу

Тегерек столдон кийин кыргызстандык адистер балдар онкологиясын дарылоо боюнча россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша турганы кошумчаланды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар онкологиясы боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тегерек стол министрлик тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова жана балдар онкологиясы жаатында академик Александр Румянцев башында турган россиялык адистер катышкан.

Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар онкологиясы азыркы тапта интернационалдык көйгөйгө айланганын айткан.

"Балаңызда залалдуу шишик бар экен" деген сөздү угуу үй-бүлө үчүн катастрофа. Балдарына жардам бере албаган ата-энелердин кейиши айтып жеткиргис. Чоңдордун оорусу делген бул дарттан бөбөктөрдүн каза болуп жатканы коркунучтуу. Бирок биздин бейтаптар кичинекей болгону менен абдан күчтүү экенин эстен чыгарбаш керек. Диагноз менен жашоо бүтүп калбайт", — деген Жапарова.

Министр Бейшеналиев Айгүл Жапарованын россиялык адистер менен тегерек стол өткөрүү боюнча демилге көтөргөнүнө ыраазычылык билдирген.

Онкологиядагы балдардын азабын жеңилдетип... Студенттердин ак жарыгы
"Ракка кабылган бөбөктөргө кызмат көрсөтүү үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз. Быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы бөлүмгө көчүү пландалууда. Дароо керектүү жабдуулар сатып алынып, фонд кеңейет. Россиялык кесиптештерге да келип бергенине ыраазычылык билдирем. Биргелешип кичинекей бөбөктөргө жардам берип, балдар онкологиясында жаңы тарых жаратабыз деп ишенем" — деди Бейшеналиев.

Тегерек столдон кийин кыргызстандык адистер балдар онкологиясын дарылоо боюнча россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмаша турганы кошумчаланды.