Ысык-Көл ЕАЭБ саммитинин биринчи конокторун тосуп алды. Сүрөт

Меймандарды "Тамчы" аэропортунан тосуп алышууда. Чолпон-Атада беш өлкөнүн министрлер кабинетинин башчылары жолугушат, ошондой эле байкоочу өлкө катары эки мамлекеттин премьерлери аралыктан кошулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышкан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алгачкы сыйлуу коноктору келишти.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен "Тамчы" аэропортуна Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович келген учак конгон. Андан кийин президенттин өкүлү Мирбек Кожоев Кубанын Россиядагы элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны тосуп алган.

Кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген насыяны рубль менен берүү пландалууда
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, өкмөт башчылардын ичинен биринчи болуп Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген.

Саммит Чолпон-Атада шаарында 19-20-август күндөрү өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Ал эми байкоочу өлкө болгон Өзбекстан менен Кубанын премьер-министрлери онлайн-байланыш аркылуу кошулат.

Жолугушуулар тар жана кеңейтилген форматта өтөрү айтылды.