Садыр Жапаров Ысык-Көлдө үч күн жумушчу сапары менен болот

Президент алгач Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, андан кийин облус аймагы боюнча бир катар жерлерди кыдырат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров 19-21-август күндөрү Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду
Алгач Жапаров Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарын баштап, ал жакта өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму өтөт.