Нарында б.з.ч. III-II кылымга таандык археологиялык буюмдар табылды. Сүрөт

Табылгалардын ичинде чоподон, сөөктөн, колодон, таштан, алтындан жасалган буюмдар, күзгү, идиш-аяк, зер буюмдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Нарын районунун Эмгек-Талаа жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү Куланак ГЭСи курула турган аймакта биздин заманга чейинки III-II кылымдарга таандык тарыхый буюмдар табылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, археологиялык казуу иштери учурунда табылган 52 экспонат Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейге өткөрүп берилди.

Изилдөөчү, тарых илимдеринин кандидаты Ороз Солтобаевдин айтымында, ГЭСти куруунун алдында маданий, тарыхый эстеликтер бузулбасын деген максатта археологиялык изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

"Натыйжада көптөгөн кызыктуу экспонаттар табылып, мындан 2,5 миң жыл мурда ушул аймакта маданияты өнүккөн эл жашаганы белгилүү болду. Табылгалардын ичинде чоподон, сөөктөн, колодон, таштан, алтындан жасалган буюмдар, күзгү, идиш-аяк, зер буюмдар бар", — деди Солтобаев.

Тарыхый табылгаларды тапшыруу иш-чарасына президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышып, кыргыз маданиятына, тарыхына кошкон чоң эмгеги үчүн Ороз Солтобаевге, анын жамаатына жана казуу иштерине жардам берген жеке ишкер Куттубай Мырзабековго ыраазычылык билдирген. Ал жакын арада тарыхый жайларды изилдөө иштерине жергиликтүү бийлик тарабынан көңүл буруларын кошумчалаган.