Бүгүн дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим күрөшөт

Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 57 килограммда ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова бүгүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында килемге чыгат. Мурдагы күнү тартылган чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентин менен күч сынашат.

Жамбашка алып чаап, тургузбай койду. Калмиранын чемпионаттагы жеңиши видеодо
Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограммда ат салышат. Белгилей кетсек, Сезим — Токио Олимпиадасынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Ал эми кечээ 55 килограмм салмактагылардын арасында кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы финалга чыккан. Бүгүн ал дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн Беларустан келген Алеся Гетманова менен күрөшөт.