Коронавирустан алты бейтап каза таап, 249 киши оору жуктурду. Статистика

Пандемиядан бери баш-аягы 173 186 адамдан вирустук инфекция аныкталып, анын 164 842си ооруну жеңди. Ал эми 2 468 киши өтүп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 249 кишиден коронавирус аныкталганын Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 84;
  • Ош шаары — 3;
  • Чүй облусу — 77;
  • Ош — 3;
  • Талас — 13;
  • Нарын — 12;
  • Ысык-Көл — 26;
  • Жалал-Абад — 15;
  • Баткен — 16.

Эмделгени тууралуу маалымат "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесине да киргизилди
Пандемиядан бери баш-аягы 173 186 адамдан вирустук инфекция аныкталды.

Ал эми бир сутка ичинде 498 бейтап айыгып, жалпы 164 842 киши ооруну жеңди.

Тилекке каршы, алты адам вирусту жеңе албай калды. Коронавирус жуктуруп каза тапкандар 2 468ге жетти.

Учурда стационарда 1 744, амбулатордук түрдө 2 714 бейтап дарыланып жатат.