Катуу кармашты! Балбан кыз Калмиранын финалдагы видеосу

55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, жеңишти 7:6 эсебинде алдырып койду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында финалда күмүш медаль тагынды.

Кызуу беттештин видеосу Sputnik Telegram каналына жарыяланды.

Азия күрөш уюму Кыргызстанды Олимпиададагы ийгиликтери менен куттуктады
55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, жеңишти 7:6 эсебинде алдырган. Бир упай жетпей калганы менен кыргызстандык балбан эң сонун таймаш көрсөткөн.

Билимбек кызы жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкинаны уткан болчу.

Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан да күмүш медалга ээ болгон.