Калмира Билимбек кызы жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту

Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Анын жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту. 55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, 7:6 эсебинде жеңишти алдырды.

Азия күрөш уюму Кыргызстанды Олимпиададагы ийгиликтери менен куттуктады
Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Билимбек кызы жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкинаны уткан болчу.

Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болгон.