ЕЭКтин төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы кандай абалда экенин айтты

Мясникович жарандардын кирешеси көбөйгөнүн жана жумушсуздуктун саны эки эсе азайганын маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасы, анын ичинде жарандардын кирешеси да өсүп жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Михаил Мясникович III Кыргыз-Россия бизнес-форумунда билдирди.

Ал ЕАЭБ экономикасынын динамикасы оң жана жакшы жагына өскөнү байкалганын айтты.

"Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,5 пайызга, кайра иштеп чыгуу өнөр жайы 6,5 пайызга жогорулады. Биримдикте керектөөнүн суроо-талабы 9 пайызга өстү. Бул жарандардын кирешеси көбөйгөнүнөн жана жумушсуздуктун саны эки эсе азайганынан кабар берет", — деди Мясникович.

ЕЭК төрагасынын айтымында, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 32 пайызга өстү (үчүнчү өлкөлөрдөн караганда көп), ошол эле учурда 2020-жылдагы артка кетүү темпи калыбына келтирилди. Ошондой эле бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен ЕАЭБ өлкөлөрү жакшы нукта баратканын белгиледи.