Коронавирустун "дельта" штаммынан эмне сактайт? ДССУнун жообу

Коронавирустун "дельта" штаммы биринчи жолу Индияда табылып, каттоого алынган. Инкубациялык мезгилинин кыскалыгы жана оор кесепеттерге кептегени менен өзгөчөлөнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эмдөөдөн өтүү коронавирустун "дельта" штаммын жуктуруп алганда анын оор өтүшүнөн жана өлүмдөн сактайт. Бул тууралуу онлайн-брифингде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан билдиргенин РИА Новости жазды.

"Вакцина оорулардын санын гана азайтпастан, вирус жуктурганда оор кесепеттерди жана өлүмдү алдын алары анык. Эмдөө ушундай эле жыйынтыкты коронавирустун "дельта" штаммында да көрсөтөт", — деген адис.

Окумуштуулар коронавирус качан сезондук оору катары кабыл алынарын айтты
Ал эми ДССУнун эпидемиологу Мария ван Керкхове вирустун айрым өлкөлөрдө азайбай жатышы эпидемиологиялык чаралардын сакталбай жатышына жана вакцина алгандардын санынын аздыгына байланыштуу экенин билдирген.

Коронавирустун "дельта" штаммы — COVID-19 инфекциясын козгоочулардын бири. Ал биринчи жолу Индияда табылып, каттоого алынган. Инкубациялык мезгилинин кыскалыгы жана оор кесепеттерге кептегени менен өзгөчөлөнөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун мутацияланган "альфа" (Британия), "бета" (Түштүк Африка), "гамма" (Бразилия) жана "дельта" (Индия) деп аталган түрүн каттаган.