Бишкектин үч жеринде кошумча эмдөө пунктулары ачылды. Дареги

Борбор калаада вакцина сая турчу жерлердин экөө Калкты тейлөө борборлорунда ачылган. Каалоочулар эмдөөдөн бекер өтөт, паспорт ала баруу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кошумча эмдөө пунктулары "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын "Бишкектеги почта" филиалында жана эки Калкты тейлөө борборунда ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда Казакстандын вакцинасы каттоого алынды
Почтанын филиалы Чүй проспекти, 96 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары, 4 жана Жибек Жолу, 381 дарегиндеги № 3 жана №4 Калкты тейлөө борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот.

Мындан тышкары, Баткен облусундагы Калкты тейлөө борборунда (Баткен, Салихов, 33/1 көчөсү) вакцина сайган жер ачылды.

Каалоочулар эмдөөдөн бекер өтөт, болгону паспорт ала баруу керек.