Баткенде асыл тукум куйруктуу койлордун көргөзмөсү өтүп жатат. Сүрөт

Иш-чарага катышкан президенттин өкүлчүлүгүнүн тийиштүү кызматкерлери көргөзмөнү жыл сайын өткөрүү керектигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бүгүн Баткенде асыл тукум куйруктуу койлордун көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эт жана май багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү, анын ичинде мал чарбачылыгынын баалуулугун арттыруу жана жайылтуу максатында алгачкы жолу өтүп жатат.

"Баткендеги көргөзмөгө өлкөнүн жети дубанынан фермерлер келишти. Бул иш-чарада негизинен койдун афган, гиссар, арашан түрлөрү бар", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага катышкан президенттин өкүлчүлүгүнүн тийиштүү кызматкерлери көргөзмөнү салтка айлантып жыл сайын өткөрүү керектигин белгилеген.