БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШнын жарандарын Афганистандан толугу менен көчүрүп чыкканча америкалык аскерлер ал жакта калат. Эгер зарыл болсо, анда 31-августтан кийин деле чыкпайт. Бул тууралуу президент Жо Байден ABC телеканалына берген маегинде айткан.
"Эгер ал жакта америкалык жарандар калса, биз дагы аларды толугу менен чыгарып кетүү үчүн ошол жакта болобуз", — деген Байден.
Ал аскерлерди буга чейин айтылган мөөнөткө, 31-августка чейин, чыгарып кетүүгө аракет кыла турганын кошумчалаган.
Президенттин айтымында, азыркы тапта эвакуацияга миуктаж болгон АКШнын 10-15 миңге чукул жараны бар. Ошондой эле Америка 50-65 миң афгандыкты өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылууда.
АКШнын президенти "Талибан"* кыймылы америкалыктарды эвакуациялоодо Кошмо Штаттар менен кызматташа турганын белгиледи. Бирок жергиликтиүү тургундарды алып кетүүдө кыйынчылык жаралышы ыктымал.
Афганистандагы кырдаал
Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.
Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.