Алтай — ата-бабаларыбыздын тарыхый мекени. Климаты, табияты жагынан азыр биз жердеп жаткан Ала-Тоого окшош. Андыктан "Алтай цивилизациясы" долбоорунун алкагында буга тиешелүү бардык мамлекеттер биригип, туризмди ар тараптуу өнүктүрсө болот. Мындай пикирин Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун ичинде геотуризмди колго алууга да мүмкүнчүлүктөр бар.
"Алтай цивилизациясы камтыган өлкөлөр көп. Аларды түпкү тарыхында көчмөн жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу философиясы бириктирет. Ал эми пандемиядан кийин дал ушул түшүнүктөр баалуулукка ээ болуп отурат. Демек, "Алтай цивилизациясы" деген аталыштагы туристтик эл аралык бренд пайда болушуна бардык шарттар бар. Ал үчүн буга тиешеси бар бардык мамлекеттер биригип, баскыч-баскычы менен ишке ашуучу чоң-чоң программаларды иштеп чыгуусу зарыл. Ошондой эле Алтай цивилизациясына кирген өлкөлөрдө бир гана кооздугу, тарыхы менен эмес, геотуризмди илим менен айкалыштырып туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү да кенен. Мында саякаттоо менен бирге минералдар, баалуу таштар иликтенет", — деди Кенжематова.
Ал ошондой эле түпкүлүгүндө өзүн көчмөн эсептеген ар бир адамга ата-бабалар жашап өткөн жерлерди көрүү кызыкчылык жаратарын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: