Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунан чек арачыларды алууга чакырды

Жапаровдун айтымында, ЕАЭБдин принциптери так сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулайт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров кыргыз-россия бизнес-форумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы чек араларды алып салууну демилгеледи.

Ал ЕАЭБ өз күчүн бекемдеп, дүйнөлүк экономикадагы негизги оюнчу болоруна терең ишенимин билдирди. Бирок бул үчүн өлкөлөр ЕАЭБдин иштешинин негизги принциптерин жана уставын так аткарышы керек деп эсептейт.

"Товарларды эркин ташууга макулдашканбыз, келгиле, ошону сактайлы. Мындай принцип барбы же жокпу, чек арачыларды жана атайын кызматтарды тартып, биздин бизнестин товарынан баңгизат же террорчуларды издөө кажет эмес", — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Россияга доллардан баш тартууну сунуштады
Ошондой эле ал эгер бул принцип сактала турган болсо, соода жүгүртүүнүн көлөмү да жогорулай турганын белгиледи.

"Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек арачылар пайда болууда. Андан ары Казакстан менен Россиянын ортосунан тосуп чыгышат. Келгиле, чек арачыларды алып салалы", — деди министр.

Аны менен бирге эле Жапаров дүйнөлүк соода уюму ЕАЭБди бирдиктүү экономикалык аймак катары карап жатканын кошумчалады.