Ак үйдүн жанына дагы бир милиция бөлүмү ачылды. Сүрөт

Мында жарандарды жана туристтерди кабыл алууга бардык шарттар түзүлгөн, саат 09:00дөн 22:00гө чейин иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ак үйдүн жанына Бишкек шаардык милициянын жаңы бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Милиция бөлүмү Панфилов паркынын аймагында жайгашып, бүгүн расмий ачылышы өттү. Ага Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев жана Биринчи май РИИБдин жетекчиси Мирлан Ниязалиев катышкан.

Тюкебаев аталган тилкеде администрациялык имараттар, мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар көп болгондуктан кошумча пункт ачуу зарылчылыгы жаралганын билдирди. Ошондой эле шаардык жана республикалык масштабдагы иш-чаралар дагы Биринчи май районунун аймагында өтөрүн белгиледи.

Бул милиция бөлүмүндө жарандарды жана туристтерди кабыл алууга бардык шарттар түзүлгөн, саат 09:00дөн 22:00гө чейин иштейт,