Афганистандын президенти жакынкы келечекте өлкөгө кайтып келерин убадалады

Афганистандан Бириккен Араб Эмирлигине чыгып кеткен Ашраф Гани элине кайрылуу жасап, жакынкы убакыттарда кайтып барарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани жакынкы келечекте өлкөгө кайтып келерин убадалады. Бул тууралуу анын Facebook баракчасында жазылган. 

Ганинин айтымында, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

"Мен Кабулда калсам кан төгүүлөр болмок", — деген Афганистандын өлкө башчысы.

Ошондой эле ал өзү менен кошо ири өлчөмдөгү акчаларды алып кеткени тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Буга чейин Гани үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү белгилүү болгон. 

Афганистандагы кырдаал

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.