"Чемпион" каймана аты бар депутат Самаев Токмок мэрлигине талапкерлигин койду

БШК маалымдагандай, үч шаардын мэрлигине талапкерлерди каттоо мөөнөтү 18-августта саат 18:00дө аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын талапкерлигин шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Азырынча мындан башка талапкер жок.

Жакшы максат менен келгем... Мэрликтен кеткен Сарыбашовдун видео кайрылуусу
Урмат Cамаев 35 жашта, Чүй районунун Он бир жылга айылында төрөлгөн. 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген. Андан кийин "Кыргызстан" партиясы менен Жогорку Кеңештен мандат алган. Ал эл арасында "Чемпион" каймана аты менен белгилүү.

Ал эми Бишкек шаарынын мэрлигине учурда калаа башчынын милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев көрсөтүлдү. Ош шаардык кеңеши азырынча талапкер сунуштай элек.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү бүгүн, 18-августта, саат 18:00дө аяктайт.