Афганистандын президенти Ашраф Гани каякта жүргөнү белгилүү болду

Гани "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистанда бийликти алгандан кийин чыгып кеткен. Учурда ал үй-бүлөсү менен кайда жүргөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Бул тууралуу маалыматты БАЭнин ТИМи кабарлады.

"Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлиги Афганистандын президенти Ашраф Ганини жана анын үй-бүлөсүн гуманитардык негизде кабыл алганын тастыктай алат", — деп жазылган БАЭнин тышкы саясат мекемесинин тараткан маалыматында.

Гани "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистанда бийликти алгандан кийин чыгып кеткен. Алгач ал Тажикстанга учуп кеткени, ошол жактан үчүнчү өлкөгө сапар алары айтылган болчу. Бирок коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги муну төгүндөгөн

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.