Жапаров Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду

Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар, кийинчерээк 200 миллион долларга чейин жеткирүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Новиков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес
Билдирүүгө ылайык, фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылайт. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.

Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар, каражат Өзбекстан тарабынан салынат. Кийинчерээк уставдык капиталы 200 миллион долларга чейин жеткирилип, эл аралык уюм болору айтылды.