Ош шаардык кеңеши Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке көрсөттү

Алмаз Мамбетов 45 жашта. 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Учурда Оштун мэринин милдетин аткарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ош шаардык кеңеши калаа башчылыгына Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Боршайкомго Мамбетовдон башка эч кимден арыз түшкөн эмес.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын бюджетин 500 млн. сомго көбөйтүү тапшырмасын берди
Эске сала кетсек, Алмаз Мамбетов ушул жылдын 2-августунда Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал бул кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен барганын айткан.

Алмаз Мамбетов 45 жашта. 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.