Өлкөдө коронавирус 269 адамдан аныкталып, беш киши көз жумду. Статистика

Азыркы тапта ооруканаларда 1 823 адам жатат, 2 894ү үй шартында дарыланууда. Кечээтен бери 534 бейтап айыгып үйүнө чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 269 адамдын коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек - 114;
  • Чүй облусу – 73;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Талас облусу - 15;
  • Ош облусу – 14;
  • Нарын облусу - 7;
  • Ош шаары - 4.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери COVID-19га чалдыккан адамдардын саны 172 937ге жетти.

Ошол эле учурда кечээтен бери 534 бейтап айыгып үйүнө чыкты. Бул ооруну жеңгендердин жалпы саны 164 344тү түздү.

Тилекке каршы, беш киши каза болгон. Жалпысынан COVID 2 462 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканаларда 1 823 адам жатат, 2 894ү үй шартында дарыланууда.