Пресс-борбор

Кыргызстанда экзамен тапшырганына карап автомектептердин рейтинги түзүлөт

ЖКККББнын маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын күнөөкөрлөрү көбүнчө толук окубай айдоочулук күбөлүк алгандар болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстанда автомектептердин рейтинги түзүлөт. Бул туурасында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Кыргызстанда экзамен тапшырганына карап автомектептердин рейтинги түзүлөт
"Автомектептердин рейтинги иштелип жатат, жакынкы күндөрү түзүлүп бүтөт. Мунун максаты — коомчулукка кайсы автомектептер айдоочуларды жакшы даярдап, кайсынысы начар экенин көрсөтүү. Жарандар кайсы мектепке окууга барбашы керектигин билип калат. Бул көзөмөлдөө үчүн жасалып жаткан жок. Рейтинг курсанттардын канча пайызы экзаменди ийгиликтүү тапшырганына карап түзүлөт", — деди Шералиев.

Өлкөдө адам өмүрүн алган жол кырсыктары биринин артынан бири кайталанууда. Президент Садыр Жапаров буга чейин жол кыймылына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. Айрым депутаттар автомектептердин лицензиясын текшерүүнү сунуштаган. ЖКККББнын маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын күнөөкөрлөрү көбүнчө толук окубай айдоочулук күбөлүк алгандар болууда.