Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары Кулундуда футбол ойноду. Сүрөт

Кыргыз тараптан команданы Лейлек боюнча чек ара өкүлүнүн орун басары, тажик тараптан Ганчи районундагы чек ара өкүлүнүн орун басары жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары "Кулунду — автожол" өткөрмө пунктунда окуудан өтүп, андан соң футбол ойношту. Бул туурасында УКМК алдындагы Чек ара кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Баткен жана Согди облустарынын делегациясынын макулдашуусунун алкагында 17-августта уюштурулган. Кыргыз тараптын командасын Чек ара кызматынын Лейлек району боюнча өкүлүнүн орун басары, тажик тараптан Ганчи районундагы чек ара өкүлүнүн орун басары жетектеп келген.

"ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин көмөгү менен чек ара заставаларынын жетекчилерине "Мамлекеттик чек ара тилкелеринде чек арачылардын өзүн алып жүрүүсү" темасында практикалык окуу өткөрүлдү. Командалык курам эки тараптын көйгөй жараткан маселелерин жана чыр-чатакты алдын алуу чараларын талкуулашты. Чек ара заставаларынын башчыларынын жолугушуусу мини футбол ойноо мелдеши менен аяктады", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле окуулар кыргыз-өзбек чек арасында дагы өткөрүлгөн.