Окумуштуулар коронавирус качан сезондук оору катары кабыл алынарын айтты

Илимпоздун айтымында, вирус иммунитети жок организмде мутация болот. Андыктан жамааттык иммунитет маанилүү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Адамдардын иммунитетинин деңгээли 80 пайызга жеткенде коронавирус сезондук оору катары кабыл алынып калат. Бул туурасында Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун Илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов РИА Новостиге билдирген.

Окумуштуунун айтымында, вирус өзгөргөн сайын жаңы касиеттери пайда боло баштайт, ошондуктан көптөгөн өлкөлөр ар кандай генотибине тынымсыз мониторинг жүргүзүп турушат. Жамааттык иммунитет түзүлгөнгө чейин коронавирус башкы маселе бойдон кала берет.

"Эгер жамааттык иммунитетке жете турган болсок, вирустун өзгөрүшү азаят. Себеби вирус иммунитети жок организмде мутацияланат. Калктын 80 пайызында иммунитет иштелип чыкканда гана жамааттык иммунитет түзүлөт", — деди Горелов.

Айгерчинова: кызматкерлеринин 70%ы эмделген мекеме "жашыл аймакка" кирет
Ошондой эле ал COVID тууралуу негизги маалыматтар алынганын, бирок вирус ар дайым өзгөрүп тургандыктан изилденип бүттү деп айтуу туура эместигин белгилеген.

Эске салсак, Кыргызстанда 600 миңге чукул адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Ал эми 277 805 киши эки компонентин тең алып бүттү.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.