Пресс-борбор

Айдоочулар шалаакы. Кайгуул милициясы жол кырсыгынын көбөйгөн себебин айтты

Мекеме кызматкерлеринин айтымында, жол кыймылын көзөмөлдөгөн милиция айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө тиешеси жок.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын жолдорунда байма-бай катталып жаткан жол-транспорт кырсыктары айдоочулардын шалаакылыгы жана ашкере өзүнө ишенгендигинен болууда. Мындай тыянакты ИИМдин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде айтты. 

Айдоочулар шалаакы. Кайгуул милициясы жол кырсыгынын көбөйгөн себебин айтты
"Айдоочулар өзүн дасыккан адам сезип, жол кырсыгына кабылбаймын деп ойлошот. Бул бизге кашкайып эле көрүнүп турат. Мунун баарын Бишкектеги айланма жолго чыгып эле кичи автобустар бири-биринен кантип озуп өткөнүнөн эле көрүүгө болот. Аларда чоң жоопкерчилик бар, жүргүнчү ташып бара жатышат. Бирок буга карабастан айдоочулар өзүнө ашкере эле ишенип алышканы көрүнүп турат", — деген Сыдыгалиев.

Жол кырсыгы көбөйдү! Кыргызстанда автомектептердин санын азайтуу сунушталууда
Ал белгилегендей, Жол кайгуул милициясынын айдоочулук күбөлүк берүүгө тиешеси жок.

"Айдоочулар Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Унаа" мекемесинин автомектептеринен үйрөнүп, экзамен тапшырышат. ЖКККББнын буга тиешеси жок, алардын алган билиминин сапатын да текшербейт. Биз анализ жасап, сурамжылоо жүргүздүк. Көпчүлүк айдоочулар али жол эрежелерин толук билбейт экен", — деген ал.

Буга чейин ИИМде көбүнесе айдоочулук күбөлүктү "автомектептерди толук окубастан тигил же бул жол менен алган" айдоочулар жол кырсыгына кабылышары айтылган.