Жамбашка алып чаап, тургузбай койду. Калмиранын чемпионаттагы жеңиши видеодо

Калмира 55 килограмм салмак чен бирдигинде күрөшүп, жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкина менен кез келди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы финалга чыкты.

Кыргызстандын Күрөш федерациясы күрөштүн видеосун чыгарды.

Калмира 55 килограмм салмак чен бирдигинде күрөшүп, жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкина менен кез келди. Кармаштын биринчи бөлүгүндө эле атаандашын тегерек чийинден чыгарып бир упай алды. Андан соң төрт упайлык ыкма менен жамбашка алып чаап, ошол бойдон ордунан тургузбай эки далысын жерге тийгизди. Натыйжада 1 мүнөт 43 секунддун ичинде таза жеңди.

Финалдык беттеш эртең, 19-августта, болот. Анда Беларустан келген Алеся Гетманова менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болгон.