Бали! Кыргызстандык балбан кыз Калмира Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Билимбек кызы алгач төрт упайлык ыкма менен атаандашын жамбашка алып чаап, 1 мүнөт 43 секунддун ичинде таза жеңиш менен утуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргызстандык балбандар жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатына барат. Тизме
Ал жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкина менен кез келди. Кармаштын биринчи бөлүгүндө эле тегерек чийинден чыгарып бир упай алды. Андан соң төрт упайлык ыкма менен жамбашка алып чаап, ошол бойдон ордунан тургузбай эки далысын жерге тийгизди. Натыйжада 1 мүнөт 43 секунддун ичинде таза жеңиш менен утуп алды.

Финалдык беттеш эртең, 19-августта, болот. Анда Беларустан келген Алеся Гетманова менен күрөшөт.

Мелдештер Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болгон.