Футбол боюнча өлкө кубогу мелдешинин финалы Баткен шаарында өтөт

Бул аталган шаарда өткөн эң абройлуу футболдук беттеш болуп калат. Өлкө кубогу мелдешин өткөн жылы Оштун "Алай" клубу уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кубогу мелдешинин 2021-жылдагы финалы Баткен шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул аталган шаарда өткөн эң ири футболдук беттеш болуп калат.

Ысык-Көлдө кумдагы футбол мелдешине Европа кубогуна катышкан команда ойнойт
Өлкөнүн футбол боюнча премьер-лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев Баткенге барганда шаар мэри Имамназар Бурканов менен жолуккан. Анда Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык беттешин Баткен шаарында өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргөн. Оюн 18-сентябрга белгиленүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште учурда "Алга" (Бишкек) — "Дордой" (Бишкек) жана "Алай" (Ош) — "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командалары беттешип жатат. Алардын жеңүүчүлөрү өлкө кубогунун финалында ойношот.

Мелдешти өткөн жылы Оштун "Алай" клубу уткан.